Уэльстин тургуну үйлөнүү үлпөтүн күйөө баласыз уюштурду

Уэльстин тургуну үйлөнүү үлпөтүн күйөө баласыз уюштурду.

Анын тандап алганы белгисиз себептерден улам майрамга келген эмес жана телефон чалууларга жооп бербей койгон.

Бирок той үчүн каражат алдын ала төлөнгөндүктөн, кыз иш-чараны токтотпой, туугандары жана достору менен өткөргөн.

Салтанат үзгүлтүккө учураса да, келин көңүлүн түшүрбөөгө аракет кылып, жашоосунда кайгылуу эч нерсе болбогондой көңүл ачты.

Күйөө бала өзүнүн үйлөнүү тоюна эмнеден улам келбей калганы азыр да сыр бойдон калды.