Легендарлуу мушкер Мухаммед Алинин чемпиондук куру АКШдагы аукциондо сатылды.
Сатып алуучу аны 6 миллион долларга баалады.
Эске салсак, Али чемпиондук курга 1974-жылы Джордж Форманды сегизинчи раундда нокаут менен жеңип ээ болгон.
Спортчу карьерасында 61 беттеш өткөрүп, 56 жеңишке жетишкен.
Аукциондо мушкердин курун “Индианаполис Колтс” футбол клубунун ээси Джим Эрсэй сатып алды.