Бир айда Бишкекте батир ижарага алуунун орточо баасы 168 долларга өстү

Сентябрда Бишкекте батир ижарага алуунун орточо баасы орто эсеп менен 168 долларга өсүп, 866 долларды түздү.

Бул байкоолордун тарыхындагы абсолюттук рекорд.

Талдоочулардын баамында, өсүш эки фактор менен шартталган: студенттерден суроо-талаптын өсүшү, ошондой эле Россияда жарыяланган мобилизацияга байланыштуу орус жарандарынын миграция толкуну.