УКМКнын Чек ара кызматына 40 даана аскер техникасы тапшырылды

УКМКнын Чек ара кызматына 40 даана аскер техникасы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

 

Атайын жабдуулар Мамлекеттик чек аранын өздүк курамын күчөтүү жана чек араларды бекемдөө  максатында сатылып алынды.

 

Белгилеп кетсек, өлкөнүн көз карандысыздыгынан бери алгачкы ирет аскер техникасы бюджеттик каражатка сатылып алынды.