Украин президенти Зеленский коронавирустан улам ооруканага жаткырылды

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана анын кеңсесинин башчысы Андрей Ермак коронавирустан улам ушул жуманын башында ооруканага жаткырылды.

 

Бул тууралуу Ермактын кеңешчиси Михаил Подоляк 12-ноябрда «Украинская правда» интернет-басылмасы менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, Зеленский жана кеңсе башчысы Киевдеги «Феофания» клиникалык ооруканасында дарыланып жатат.

«Ал жерде президентке жыйындарды өткөрүш үчүн атайын бөлмө даярдалган. Бүгүн ал бир топ онлайн-жыйындарды өткөрдү», — деп билдирген Подоляк.

Ал эми Ермак болсо өзүнчө бөлмөдө дарыланып жатат.

 

Зеленскийдин басма сөз кызматы президент коронавирус жугузуп алганы аныкталган соң алгач үйүнө барып, бирок кийин толугу менен обочолонуу максатында ооруканага жатканын билдирди.

Владимир Зеленскийдин абалы жөнүндө басма сөз катчысы Юлия Мендел: «Бейтаптар үчүн бардык шарттар бар. Тынчсызданчу эч кандай олуттуу жагдай жок», — деп билдирди.

 

Владимир Зеленскийдин коронавирус жугузуп алганы 9-ноябрда белгилүү болгон. Андан көп көтпөй анын кеңсесинин башчысы Андрей Ермактын да илдетке кабылганы кабарланган.

 

Украинада президенттен башка бир топ жогорку жетекчилер СOVID-19 вирусун жугузуп алганы кабарланды. Алардын ичинде финансы министри менен коргоо министри да бар.

 

12-ноябрда бул өлкөдө 11 057 адамдан вирус аныкталып, 198 адам каза болгону маалымдалды. Бул өлкөдөгү ооруну жугузгандардын саны боюнча рекорддук көрсөткүч.