Россия чет жактагы жарандарын алып келүүнү убактылуу токтотту

Россия  пандемияга байланыштуу чет жактардан чыга албай калган он миңдеген жарандарын эвакуциялоону убактылуу токтотту. Мындай кадамга Москва чет өлкөлөрдөн вирустун алып келинишин чектөө максатында барганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

 

Вице-премьер-министр Татьяна Голикова 4-апрелде өкмөт чет жактагы орусиялыктарды алып келүүнү жакшылап пландаштыруу үчүн тыныгуу алганын билдирди. Ал 6-апрелден тарта чет өлкөлөрдөгү жарандарды кайтаруунун жаңы жадыбалы түзүлөрүн убада кылды.

 

Россиянын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө 30 миңдей жараны бар экенин билдирсе, Голикова алардын саны 26 миңдей экенин айтты.

 

Россияда 5-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны беш миңден ашты. Бул илдеттен 45 киши ажал тапты.