Улуттук банк 16 жашка толгон жарандарга банк карталарын берүүнү пландап жатат

Улуттук банк 16 жашка толгон жарандарга банк карталарын берүүнү пландап жатат. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, бул накталай эмес төлөмдөр үлүшүн көбөйтүп, калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталат.

 

Жаңы эреже качан күчүнө кирет такталбайт. Белгилеп кетсек, учурга карата банк карталарын 18 жашка толгон жарандар гана ала алат.