Кыргызстан энерго тармакты жаңылоого 58 миллион доллар алат

Кыргызстан энерго тармакты жаңылоого 58 миллион доллар алат.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, сумманын жарымын грант катары Дүйнөлүк банк жана Швейцариянын экономика боюнча мамлекеттик катчылыгы берет.

Калган бөлүк насыя катары берилет.

Каражат бөлүштүрүүчү тармактарды санариптештирүүгө жана оңдоо иштерине, ошондой эле социалдык коргоо системаларын бекемдөөгө багытталат.

Жыйынтыгында, энерго тармакты өнүктүрүүгө жана ири долбоорлорду ишке ашырууга шарттар түзүлөт.