Улуттук банктын алтын валюта резерви 254 миллион долларга чукулдап, тарыхый чекке жетти. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтында жазылат. Өткөн жылдын башында эл аралык алтын валюта резерви 2 миллиард 170 миллион 440 миң долларды түзгөн,
Учурдагы көлөм 2002-жылдан берки убакыт аралыгындагы рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Белгилеп кетсек, ошол мезгилден берки маалыматтар ачык жарыяланып келет. Алтын валюталык резерв Улуттук банкка сомдун кунун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет.