Кыргызстанда доллар дагы кымбаттап, 82 сомго жетти

Кыргызстанда доллар дагы кымбаттап, 82 сомго жетти. Эртең менен эле америкалык валютаны сатып алуу 80 сом 99 тыйын, сатуу 81 сом 38 тыйынды түзүп жаткан. Муну менен доллардын куну жарым күндө эле дагы  55 тыйынга өстү.

 

Учурга карата ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды 81 сом 40 тыйындан сатып алып, кайра 81 сом 90 тыйынга сатышууда. Улуттук банк абалга кийлигише элек. Эске салсак, соңку интервенция өткөн жумада жасалган. Ал азырынча натыйжа бере элек.