Бишкектин борборунда акысыз Wi-Fi иштеп баштады.
«Кыргызтелеком» ишканасынын маалымат кызматынан билдиришкендей,
акысыз интернет Эркиндик бульварында Чүй проспектинен Бөкөнбаев
көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жеткиликтүү. Эми калаа тургундары
акысыз WI-FI зонасын күнү-түнү пайдаланса болот.