Кыргызстанда колдонулган катализаторлорду экспорттоого тыюуну узартуу сунушталды

Кыргызстанда колдонулган катализаторлорду экспорттоого тыюуну узартуу сунушталды. Экономика министрлиги токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

 

Тыюу катализаторлордогу элементтерге, башкача айтканда, шлактарга, күлгө жана металлдарды камтыган калдыктарга да тиешелүү. Чектөөнү алты айга киргизүү максатталууда.

 

Документтин максаты унаалардан чыккан газдарды азайтуу аркылуу адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өмүрүн жана ден соолугун коргоого багытталат.

 

Эске салсак, катализаторлорду экспорттоого тыюу салуу 2021-жылдын августунда киргизилген жана андан бери улам-улам узартылып келет.