Бишкекте жана Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болот

Бишкекте жана Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге чейин жетип, күн күркүрөйт.

 

Жарандар сак болуп, жеңил конструкциялар, курулуштар жана бак-дарактардын алдынан өтпөш керек. Ал эми унааларды ачык аянттарга токтотуу сунушталат.