Улуттук банк марттагы экинчи интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк марттагы экинчи интервенциясын өткөрдү. Эл аралык валюта рыногуна 43,7 миллион доллар чыгарылды.

 

Жалпысынан, сомдун наркын туруктуу кармоо үчүн өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул айда 74 миллион доллар сатты.

 

Ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 84 сом 70 тыйындан сатып алып, кайра 84 сом 90 тыйындан сатышууда.