Кыргызстанда доллардын куну дагы түштү. Учурда коммерциялык банктар америкалык валютаны 73 сом 80 тыйындан сатып алып, кайра 74 сомдон сатышууда. 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген доллардын расмий курсу 3-апрелде 85 сомго жеткен.
Мындай көрүнүш бир жума уланып, доллар кайра арзандай баштаган. Улуттук банк валюта серпилүүсүн токтотуу максатында интервенцияларды өткөрүп, 3,7 миллион доллар сатты. Доллар кымбатташына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлардын баасы көтөрүлгөн.