Жыл башынан бери Кыргызстандын ички дүң өнүмү 3,4% жогорулады

Кыргызстандын ички дүң өнүмү жыл башынан бери өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,4 пайызга жогорулап 355 миллиард сомго жакындады. Улуттук статистика комитети беш айдын баштапкы жыйынтыгын чыгарды. Мунун ичинен эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди – дээрлик 54 пайыз. Бирок бул өткөн жылдын беш айына караганда 1,5 пайыздай аз.

 

Эске салсак, Экономика жана соода министрлиги өлкөнүн ички дүң өнүмү быйыл дээрлик 4% өсөт деген жоромолун жарыялаган. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы 7% темп менен жогорулайт деген божомол берген.