Кыргызстандын токойлорун коргоого быйыл дээрлик 91 миллион сом бөлүнөт. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, акча өлкөнүн мамлекеттик бюджетинде каралган.
Каражат токой өстүрүүгө, өрткө каршы жана башка профилактикалык иш-чараларга жумшалат.