Улуттук госпиталдын дарыгерлерден турган 3 бригадасы Баткенге жабыркагандарга жардам берүү үчүн жөнөп кетти

Улуттук госпиталдын дарыгерлерден турган 3 бригадасы Баткенге жабыркагандарга жардам берүү үчүн жөнөп кетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бригаданын курамында хирургдар, реаниматологдор жана орто медицина персоналы бар.

 

Белгилеп кетсек, акыркы маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 42ге жетти. Алар Баткен облустук ооруканасында.