Тыналиев – Ахунбаев көчөлөр кесилишиндеги сквер
жашылдандырыла баштады. Сейил багына “Бишкек жашыл чарба”
муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ар түрдүү дарактардын
100гө жакын көчөтүн отургузушту. Бул үчүн күздө 4 миң чарчы метр
жерге топурак төшөлүп, даярдалган. Эске салсак, буга чейин
эс алуу багына жарык орнотулган. Мындан тышкары таман
таш төшөлүп, отургучтары даярдалды.