Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин толук курамы күчөтүлгөн режимге өттү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин толук курамы күчөтүлгөн режимге өттү. Бул кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу, — дешти ведомствонун басма-сөз кызматынан.

 

Министр Бообек Ажикеев аймакта абалды көзөмөлдөп жатат. Жеринде эвакуацияланган жарандарды коопсуз жерге жайгаштыруу, аларды тамак-аш менен камсыздоо жана гуманитардык жүктү бөлүштүрүү жүрүүдө.