Өзбекстандан келген 210 автобустун 110у гана линияларга чыгат

Өзбекстандан келген 210 автобустун 110у гана линияларга чыгат. Бул тууралуу парламенттин каржы жана бюджет боюнча комитетинин отурумунда Бишкектин вице-

мэри Таалай Орозов билдирди.

 

Депутаттар аталган автобустардын сапатына элден даттануулар түшкөнүн эске салып, алардын учурдагы абалы тууралуу кызыгышты. Бул автобустарды жеке компания ташып келген.

 

Жалпысынан 210 транспорт жеткирилген, учурда 110у гана жүргнчүлөрдү ташып жүрөт. Калган 100 автобуска айдоочулар жок, — деди чиновник.