Улуттук гвардия бүгүн 30 жылдык мааракесин белгиледи

Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү.

Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Коргоо министрлигинин жетекчилиги, Улуттук гвардиянын командачылыгы, өздүк курамы, ардагерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Жыйындын жүрүшүндө коргоо министринин буйругу менен өзгөчө айырмаланган аскер кызматчылары юбилейлик медалдар жана грамоталар менен сыйланышты.

Ошондой эле Улуттук гвардиянын калыптануу тарыхы жана күжүрмөн-кызматтык иш күндөрү тууралуу документалдык фильм көрсөтүлдү.

Иш-чара Улуттук гвардиянын аскер оркестринин жана ата мекендик эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы майрамдык концерт менен аяктады.

Маалымдама: Улуттук гвардия мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү коргоо; мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди кайтаруу; чет мамлекеттердин башчыларынын жолугушууларында жана узатууларында ардактуу кароол кызматын өтөө, ошондой эле протоколдук иш-чараларды өткөрүүдө салтанаттуу ырым-жырымдарды аткаруу боюнча милдеттерди аткаруучу КР Куралдуу күчтөрүнүн атайын аскердик түзүлүшү болуп саналат.