Бүгүн Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусу болот

Бүгүн Ысык-Көл облусунда Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусу болот.

Саммитке катышуу үчүн Кыргызстанга кечээ, 20-июлда Казакстан менен Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев келди.

Түркмөнстан менен Тажикстандын президенттеринин келиши күтүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында, беш мамлекет достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коеру айтылды.

Лидерлер ошондой эле, регионалдык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына кандай чара көрүү боюнча пикир алмашып, кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын талкуулашат.