Өзгөндө 75 орундуу жаны бала бакча пайда болот

Өзгөндө 75 орундуу жаны бала бакча пайда болот.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай,

курулуш иштерине карата тендерди Өзгөн мэриясына караштуу муниципалдык мүлктү башкаруу

департаменти жарыялады. Курулушка 21 миллион сом жумшалышы күтүлүүдө.

Мектепке чейинки даярдоо мекемеси “Мажүрүм тал” кварталындагы

Амир Темур атындагы мектептин аймагында салынат.