Улуу Британияда дүйнөдөгү эң кымбат торт жасалды

Улуу Британияда дүйнөдөгү эң кымбат торт жасалды. Аны дизайнер Дебби Вингхем жасаган. Подиум катары жасалган таттуу азыктын узундугу дээрлик 2 метр, ал эми салмагы 450 килограммды түзөт.

 

Ал кызгылт жана сары бриллиант таштары менен кооздолгон. 1 миң 100 саатты талап кылган торттун баасы 6 миллион доллар.