Улуу Британияда эркек унаа сатып алып, 30 секунддан кийин эле андан айрылып калды

Улуу Британияда эркек унаа сатып алып, 30 секунддан кийин эле андан айрылып калды. Окуя Нортгемптон шаарында болду.

 

Эркек машинени сатып алып, унаа салонунан чыгып баратканда эле же сүйүнгөнүнөн же толкунданганынан, айтор  полициянын кызматтык унаасын сүзүп ала жаздаган.

 

Тартип сакчылар анын документтерин текшерип, камсыздандыруу полиси жок болгондуктан, машинесин конфискациялап алышты.