Кыргызстанда элге акысыз юридикалык жардам берүү декадасы башталды

Кыргызстанда элге акысыз юридикалык жардам берүү декадасы башталды. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 5-декабрга чейин ар бир облустун тургуну  акимчилик, мэрия, айыл өкмөтү, нотариалдык контора жана башка мекемелерден укуктук кеп-кеңеш ала алат.

 

Акция 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүн утурлай уюштурулууда.