Айдоочу күбөлүктөрүн мыйзамсыз берип, бирок бирдиктүү базага киргизүү боюнча социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт

Айдоочу күбөлүктөрүн мыйзамсыз берип, бирок бирдиктүү базага киргизүү боюнча социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

 

Ведомстводон эске салышкандай, айдоочу күбөлүктөрүн бир гана “Унаа” мамлекеттик ишканасы тапшырат. Андыктан, жарандар социалдык тармактардагы жалган билдирүүлөргө ишенип, алданбашы керек.