“Унаа” мамлекеттик ишканасынын Ош аймактык бөлүмү дем алышсыз иштейт. Бул тууралуу мекеменин басма-сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, мындай тартип 12-марттан тартып киргизилет.
Мекеме кардарларды күн сайын эртең мененки саат 8 жарымдан, 5 жарымга чейин кабыл алат. Эске салсак, ушул жылдын февраль айынан тартып “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги бөлүмдөрү дагы эс алуу күндөрү иштеп баштады.
Бул транспорт каттоого келгендердин саны көп болгонуна байланыштуу.