Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик
мекемесинин директору Түмөнбаев Турусбек Тогузбаевич ээлеген кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу 13-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.