Кыргызстандагы мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги жоюлууда.
Тагыраагы, вакансиялардын орду жогорку окуу жайлардын педагогика
факультеттеринин бюджеттик негизде билим алган бүтүрүүчүлөрү аркылуу
толукталат, — деди Novosti.kgге билим берүү министринин орун басары
Надира Жусупбекова. Ал белгилегендей, буга карабай быйылкы окуу
жылында 2 миң 245 мугалим жетишсиз. Алар негизинен бардык сабактар боюнча.