Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 1 миллион 260 миңден ашты

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 1 миллион 260 миңден ашты.

Алардын 740 миңге жакыны биринчи дозаны алса, 521 миңден көбү вакцинациянын

курсунан толук өттү, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Андан белгилешкендей,

өлкөдөгү 6,5 миллион адамдын 2 миллион 400 миңи эмдөөдөн өтүшү керек. Алардын

70 пайызы эмделсе өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанат. Учурда республикада

Sinopharm, “Спутник V” жана AstraZeneca вакциналарын бекер алуу мүмкүн.

Андан тышкары, Түркиянын Sinovac препараты да келген.