Унаа жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев эки айга камакка алынды

Унаа жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.

 

Тергөө маалында ошондой эле Унаа транспорту мамлекеттик агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов болот. Эске салсак, чиновниктер 7-февралда колго түштү. Алар УКМК кызматкерлерине мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин токтотуу үчүн 10 миң доллар пара беришкен.