Бишкекте кафеге кирип кеткен жолтандабастын айдоочусу изделүүдө

Борбор калаада дубалды сүзүп, кафеге кирип кеткен жолтандабастын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, бүгүн саат 15:45терде Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа кафенин ичине кирип кеткен видео жарыяланган. Алдын ала маалымат боюнча, автоунааны кыз башкарып бараткан.

 

 

«Кырсык катталган жерден автоунаа айдоочусу из жашырып кеткен. Буга байланыштуу милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына багыттама берилип, издөө бөлүмүнө айдоочуну табуу тапшырылды», — деп айтылат билдирүүдө.