Россиянын Красноярск шаарында Борбор Азиядан мыйзамсыз келген мигранттарга жасалма паспорт берип келген фирма аныкталды

Россиянын Красноярск шаарында Борбор Азиядан мыйзамсыз келген мигранттарга жасалма паспорт берип келген фирма аныкталды. “ВБнын” маалыматына ылайык, кармалгандарды тинтүүдө Кыргызстандын 10 жасалма паспорту табылды.

 

Андан тышкары, башка өлкөлөрдүн жүздөй документтери жана жасалма мөөрлөр дагы болгон. Фирманын жетекчилерине карата кылмыш иши козголду. Эгер сот аларды күнөөлүү деп тапса, алар 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.