Унаа жана жолдор министрлиги чет элдик жүк ташуучулар үчүн айыптын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады

Унаа жана жолдор министрлиги чет элдик жүк ташуучулар үчүн айыптын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады.

 

Токтом долбоору министрлер кабитинин сайтында жарыяланды. Ведомстводон белгилешкендей, бүгүнкү күндө айып аз болгондуктан, чет элдик жүк ташуучулар эрежелерди дээрлик сактабайт. Алсак, алар толтурулбаган уруксат кагазы менен кирип, транспорт көзөмөлүнөн өтүшпөйт.

 

Муну менен мамлекет кызыкчылыгына зыян келтирилип жатта. Андыктан, министрлик айыпты физикалык жактарга 17 миң 500 сомдон 20 миң сомго, юридикалык жактарга 65 миң сомго чейин жеткирүүнү сунуштайт.