Быйылкы Көчмөндөр оюндарынын тумары – карышкыр болду. Спорттук иш-чаранын символун уюштуруучулар тартуулады.
Эске салсак, Көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркияда өтөт. Ага 102 мамлекеттен келген 3 миңден ашык спортчунун катышуусу күтүлүүдө.