Каржы министрлиги мамлекеттик колдоонун алкагында насыя алгандарга 286 миллион сом төлөп берди.
Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Каражатты 160 каршы-насыя уюму алды.
Алар карызы барлардын пайыздарын эсептен чыгарышты. Эске салсак, 100 миң сомго чейин насыясы
бар кыргызстандыктар 3 ай аралыгында мамлекеттен жардам алат. Алардын саны өлкө боюнча 673 миңди түзөт.
Бардык пайыздарды төлөө үчүн 1 миллиард 253 миллион сом керектелет.