Унаалардын айнектерин караңгылаткандар лицензияны жаңыртышы керек

Унаа ээлери машиненин алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу үчүн лицензияны жаңыртышы керек. Ички иштер министрлиги эскерткендей, уруксат кагаздарын каттоо былтыр 1-июнда башталган. Лицензия бир жылга жарактуу.

 

Белгиленгендей, автоунаалардын алдыңкы терезесин уруксатсыз караңгылаткан жеке жактарга айып пул 20 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сомду түзөт.