Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз грант бөлөт.
Экономика министри Данияр Амангелдиев 24 агенттигине билдиргендей, кеп 42 миллион доллардын тегерегинде болуп жатат. Каражат өлкөлөр ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтык боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.
Бул кандай программалар болорун Министрлер кабинети аныктайт.