Унаасын саткандан кийин дагы “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айыптарды алып жүргөн жарандарга жардам берүү жолу табылды

Унаасын саткандан кийин дагы “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айыптарды алып жүргөн жарандарга жардам берүү жолу табылды.

 

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, кыргызстандыктар мындай учурларда “Унаа” ишканасына машинени каттоону убактылуу токтотуу тууралуу арыз жазышы керек. Маалымкаттын жарактуу мөөнөтү – 3 жыл.

 

Эгер бул убакыт аралыгында унаанын жаңы ээси табылып, ал бардык протоколдор боюнча айыпты төлөөгө макул болсо, анда буга чейин берилген арыз жокко чыгарылат.