Бишкекте шайлоо күнү Тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте иштейт. Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, шайлоо участкаларында 729 медицина кызматкери нөөмөткө турушат, бардык дарыгерлер жеке коргоочу кийимдер менен камсыздалып, дары-дармектер берилген.
Шайлоо күнү Тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте, ал эми коомдук унаалар штаттык режимде иштейт.