Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 1 миллиондон ашык дозасы ушул жуманын аягына чейин жеткирилет

Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 1 миллиондон ашык дозасы ушул жуманын аягына чейин жеткирилет.

 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

 

Анын айтымында, 1 миллион 100 миң доза препаратты сатып алууга мамлекет тарабынан каражат бөлүнгөн, ал эми дагы 150 миң дозаны Кытай акысыз негизде Кыргызстанга тапшырат.