Хлор кошулмасы менен дезинфекциялоо вирусту жайылтпайт

Хлор кошулмасы менен дезинфекциялоо вирусту жайылтпайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ишендирди. Ал түшүндүргөндөй, базарлар адамдар көп чогулган жер жана аларда санитардык талаптар жакшы сакталбайт.

 

Андан улам, байма-бай дезинфекциялоо жүргүзүү керек. Хлордон ууланган учурлар катталган эмес.

 

Ошондой эле дезинфекциялоодон улам пневмония көп катталууда деген маалымат чындыкка дал келбейт, — деди Үсөнбаев. Белгилеп кетсек, базарда иштеген жарандар алардын жумуш ордун дезинфекциялоодон кийин ооруп калышканын айтып келишет.