Ушул жумада өлкөдө алгачкы курултай өтөт. Учурда иш-чарага даярдык иштери жүрүп жатат. Буга чейин иш-чаралардын планы түзүлүп, курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарынын жана жыйындарынын графиги бекитилген.
Жергиликтүү курултайлар 5-ноябрда республиканын аймактарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.
Ал эки этап менен уюштурулат. Делегаттар айылдын же шаардын тургундарынын санына жараша шайланат.