Кыргызстанда көмүрдүн баасына тескөө киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда көмүрдүн баасына тескөө киргизилиши мүмкүн. Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тиешелүү маселе учурда каралып жатканын маалымдайт.

 

Ведомство жетекчилиги көмүр саткан түйүндөрдү кыдырып, бааларды жөнсүз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. 1-ноябрдан тартып Бишкекте тоннасы 4 миң сомдук көмүр саткан соода түйүндөрү ачылды. Ал эми Казакстандан ташылган кара отундун баасы 5 миң сомдун тегерегинде.