Ушул жылдын 10 айында Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуу 4 миллиондон ашты

Ушул жылдын 10 айында Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуу 4 миллиондон ашты.

Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин маалыматына ылайык, январь айынан октябрга чейинки жыйынтык өткөн жылдын жалпы көлөмүнөн дээрлик 8 пайызга көп болду.

Ошондой эле быйылкы жылы учак менен 30,5 миң тоннадан ашык жүк ташылган.

Жүк каттамдары көбүнчө Стамбул, Гуанчжоу, Шанхай, Гонконг, Ашхабад жана Бириккен Араб Эмираттарына жөнөтүлгөн.