Ушул жылы өтө турчу Евровидение эфирге чыгаары маалым болду.
Бирок башка форматта. Финал онлайн-коңцерт түрүндө 16-майда уюштурулат.
Сунуш иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан Роттердамда сахнада
ырдай турган катышуучуларга берилди. Шоу 2 саатка созулат.
Жаңы форматты негиздөөчүлөр белгилешкендей, эч кандай
атаандашуу жана добуш берүү болбойт. Негизги максат
Евровидениеге катышуучу ар өлкөнүн ырчыларын бириктирүү.