Ошто 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында 300 орунга чакталган көп функционалдуу медициналык мекеменин курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жаңы аймактык оорукананын курулушуна 595 млн сом бөлүнгөн. Имаратты 2025-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.