АКШ Газаны калыбына келтирүүгө жардам берет.
Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен билдиргендей, Иерусалимдеги консулдукту кайра ачуу процесси каралат.
Буга чейинки консулдук мурдагы президент Доналд Трамптын учурунда жабылган Андан тышкары,
быйыл палестиналыктарга 112 миллион доллар берилет. Каражат экономикалык колдоого,
Газаны калыбына келтирүүгө жана Бириккен Улуттар Уюмунун Палестинага жардам берүү агенттигине багытталат.
Кошумчаласак, Израиль — Палестина ортосундагы жаңжалда 250дөн ашык адам каза тапты. Көбү палестиналыктар.
Тараптар ок атышууну токтотуу боюнча 21-майда макулдашты. Бирок анда ортодогу негизги маселелер талкууланган жок.